30 миң доза Sputnik V вакцинасын сатып алуу боюнча Кыргызстандын арызы жактырылды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Россиянын Түз инвестициялар фонду келишимди жактырды.
«Кечээ кечинде бизге процесс башталгандыгы тууралуу маалымат берилди. Дээрлик эки жума күттүк, кезек абдан көп экен. Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги чоң жардам көрсөттү. Вакцина апрелдин аягына чейин келет деп ишенебиз. Бул көлөм 15 миң адамга ылайыкташтырылган», - деди Гүлбара Ишенаписова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн