Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

30 млн сомдук жерди мыйзамсыз берген. Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

06.12.2022 11:04
331
30 млн сомдук жерди мыйзамсыз берген. Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Дээрлик 30 млн сомдук жерди жеке тарапка мыйзамсыз берген Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.


Текшерүүдө, Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери 2021-жылы Ж.С. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алышып 29 млн 559 миң 600 сомдук жер тилкесин көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган.


Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан мэриянын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) ылайык кылмыш иши козголду.


Мындан сырткары, прокуратуранын талабынын негизинде аталган жер тилкеси Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн