Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

35 жаштагы аялды карактоого шектүү жаран кармалды

05.07.2021 17:27
677
35 жаштагы аялды карактоого шектүү жаран кармалды


Июнь айынын аягында Токмок шаардык милициясына 35 жаштагы аял кишиге карата укукка каршы аракеттер жасалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Түнкү саат 02:30 чамасында Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз адам эшиктин алдындагы желим килемди өрттөп жиберген. Түтүндүн жытынын айынан батирдин кожейкеси эишигин ачып, сыртка чыкканда кылмышкер аялдын кекиртегине бычак такап, үйгө киргизип кеткен. Үйгө киргенден кийин акча каражаттарын жана баалуу буюмдарын издеп баштаган. Үйүндө болгон бардык акча каражатын ээлеп алган соң, ал изин жашырып качып кеткен. 


 Жогорудагы факты боюнча Токмок ШИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө баштаган. 


 Шектүүнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун аймагынан кармашкан. Кармалган жаранды тергөө органына жеткиришип, андан соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жаран оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн соттолгон. Ал Нарын облусунун 1991-жылы туулган И.Б. аттуу тургуну болот. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жаран И.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 


 Иликтөө уланууда. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн