Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

380 миң сом опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалды

380 миң сом опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин  атайын операциялар отряды жана УКМК менен биргеликте кыргызстандыктан ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Ушул жылдын декабрь айында азият жана европа  түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам  «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен  1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга келишкен. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган. Алтынбек жабырлануучуга  моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, физикалык күч колдонуп коркутуп, 380 000 сом акча каражатып талап кылган.  Ал К.В. аттуу жаранга шилтеме берген. Аткени бир аз убакыт мурда С.А. андан акча каражатын карызга алгандыгы белгилүү болгон. Андан соң, кылмышкерлер белгисиз тарапка  кетишкен. Бирок телефон аркылуу физикалык күч колдонобуз деген коркутуулары уланткан.


Аталган факты Кыргыз Республикасынын УКМКсына Кыргыз Республикасынын 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдар тобу тарабынан жасалган опузалап талап кылуу) менен катталган.


Ыкчам алдын алуу иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин  атайын операциялар отряды жана УКМК менен биргеликте 100 000 миң өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кылмыштуу топ кармалды. Шектүүлөр Түп районунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу тургуну, Казакстан Республикасынын 1991-жылы туурган Ц.Р. аттуу тургуну болушат. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Бул кылмыш ишинин бардык жагдайын тактоо үчүн мындан аркы териштирүүлөр жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн