Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

39 жашында каза болгон ИИМ подполковниги акыркы сапарга узатылды (фото)

30.06.2020 15:14
952
39 жашында каза болгон ИИМ подполковниги акыркы сапарга узатылды (фото)


Бүгүн, 30-июнда Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратында ИИМдин жетекчилигинин, кесиптештеринин жана жакындарынын катышуусунда аталган кызматтын жетекчиси Олег Заполькийди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өттү.

 

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аза күтүү иш-чарасында жетекчилери менен кесиптештери Олегди өз кесибинин мыктысы, ага кызматтык зарылчылыктар менен гана эмес, жеке маселелер менен кайрылганда дагы жардамын аябаган адам катары эскеришти. Кызмат өтөө учурунда өзүн дайыма оң жагынан көрсөтө алган.


Акыркы сапарга узатуу аскердик жөрөлгөлөр менен коштолду. Олег Викторовичти кесиптештери автоматтан асманга ок атуу менен эскеришти.


Эске салсак, Запольский Олег Викторович 27-июнь күнү 39 жашында каза болгон.

Ал 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган. 2017-жылы Ага милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айынан баштап Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп дайындалган.


Өмүрүнүн бүткүл убактысы кызматына арналып, дайыма бардык күчү менен жоопкерчиликтүү кызмат өтөп келди

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн