7-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 3 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 229;
Чүй облусу - 84;
Ош шаарында - 32;
Ош облусу - 23;
Нарын облусу - 11;
Жалал-Абад облусу - 47;
Ысык-Көл облусу - 13;
Талас облусунда - 1;
Баткен облусу - 10.
Муну менен республика боюнча жалпы 8 141 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 73 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2 916 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн