Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

4 килограммдан ашык баңгизат саткан жарандар кармалды

05.10.2021 14:47
1408
4 килограммдан ашык баңгизат саткан жарандар кармалды



 Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүү менен алектенген адамдардын өздүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Б” аттуу жаран баңгизаттарды (гашиш жана марихуана) сатуу менен алектенгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жогорудагы маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, атайын текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, “көзөмөлдөп сатып алуу” аракети аркылуу 1 кг. 600 гр. “марихуана” жана 25 грамм салмактагы “гашиш” баңгизатын сатып алышкан. 


 Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда аталган айылдын тургуну “Б” аттуу жарандын өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургуну 1976-жылы туулган   М.Б. болуп аныкталган.


 2021-жылдын 23-сентябрында   атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда саат 23:00дө  Тогуз-Торой аймагында 1976-жылы туулган Б.М. жана ал менен бирге  жүргөн, кылмышка катыштыгы бар М.Н. аттуу жаранды жеке текшерүү учурунда 2 кг. 830 гр. “гашиш”  жана 1 кг 600 гр. “марихуана”  баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы 4 кг. 43 граммды түзүп, соттук экспертизасынын корутундусуна ылайык “гашиш” баңгизаты болгондугу аныкталган.  


 Учурда кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процестик кодексинин 98-беренесине ылайык,  Сузак РИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында мындан аркы тергөө амалдары  улантылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн