Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

4 жашар наристени сүзүп из жашырган айдоочу кармалды

14.03.2020 11:04
807
4 жашар наристени сүзүп из жашырган айдоочу кармалды

4 жаштагы наристени сүзүп из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын  26-февралында болжол менен саат  18:45тар чамасында белгисиз автоунаа Ибраимов көчөсү  менен  түндүк тарапка бара жатып, Москва көчөсүнүн  кесилишинен 2016-жылы төрөлгөн  З.Н. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Жол кырсыгынын натыйжасында наристе дарыгерлердин жардамына муктаж болгон. 

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдындагы Милициянын кайгуул кызматы ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, жол кырсыгына себепкер автоунаанын ээси аныкталган. Анда ”Audi A6” үлгүсүндөгү  автоунаанын айдоочусу  1995-жылы туулган М.О. аттуу жаран шектүү  катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. 

Учурда  автоунаа айып төлөөчү короо жайга токтотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн