Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

4 жылдан бери издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды

4 жылдан бери издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды

2020-жылдын 4-декабрь күнү Кыргызстандын ИИМдин Интерпол  улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери  эл  аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жаранын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 


Россия Федерациясынын жараны 41 жаштагы М.В. карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Баңгизаттарды сатуу жана сактоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды асагандыгы үчүн укук коргоо  органдары    издөө  жарыялаган.


Азыркы учурда кармалган М.В. Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди.

Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча

маселелер чечилип жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн