Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну Назира Жакыповв үч эм төрөдү. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, үч эмдер Бишкек шаарындагы 6-төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген.
Наристелердин баары уул. Эң чоңу 2450 грамм, ортончусу 2350 грамм жана үчүнчүсү 2300 грамм төрөлгөн.
Наристелердин апасы 41 жашта. Ал жолдошу экөө буга чейин 4 баланы тарбиялап келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн