Бугу 06, 2024
Убакыт: 06:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

47 жылдан бери оңдолгон эмес. Садыр Жапаров спорт академиясын жаңы окуу жылына чейин капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырды

05.05.2023 07:54
341
47 жылдан бери оңдолгон эмес. Садыр Жапаров спорт академиясын жаңы окуу жылына чейин капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.


Мамлекет башчысы академиянын учурдагы абалы менен таанышып, тактап айтканда, футбол жана жеңил атлетика аянтчасын, машыгуу залдарын, ачык спорт аянтчаларын көрүп чыгып, академиянын спорттук базасы менен таанышты.


Президентке жеңил атлетика, футбол, күрөш, стол тенниси боюнча машыгуу процессин өткөрүүгө арналган манеж академиянын студенттери жана башка масштабдуу иш-чаралар үчүн 1976-жылы пайдаланууга берилгени тууралуу маалымат берилди. Бүгүнкү күндө анын абалы заманбап санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт, спортчуларды даярдоо үчүн заманбап шаймандар жок, колдогусу кейиштүү абалда.


Бул жерде буга чейин эч кандай оңдоо иштери өткөрүлгөн эмес.


Президент Садыр Жапаров академиянын футбол жана жеңил атлетика аянтчасын толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат таап, аны быйылкы жаңы окуу жылынын башталышына заманбап талаптарга жооп берип, студенттер үчүн эң ыңгайлуу шарттары менен боло тургандай кылып бүткөрүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн