Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

47,3 млн сом жумшалган Таластагы оорукананын оңдоо иштери аяктап калды

01.10.2020 17:36
886
47,3 млн сом жумшалган Таластагы оорукананын оңдоо иштери аяктап калды


Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун капиталдык оңдоп түзөөсү бүткөрүү алдында турат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Көк-Ой айылындагы Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштери 2019-жылдын август айында башталган. Объекттин тендердик наркы 47 млн 322 миң 986 сомду түзөт.


Капиталдык оңдоп түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 44 млн 464 миң сом каржыланды.


Объекттин подряддык уюму тарабынан кийинки жумуштар аткарылды: жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электртутамдары кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү орнотулуп бүттү.  Ошондой эле, имараттын чатырын оңдоо жумуштары, эшик-терезелер алматырылды, ички тосмолор орнотулуп, фасадды сырдоо жумуштары бүттү.

Учурда ички жумуштары аяктап калды. Жаңы лифт, өрттөн коргоо сигнализациясы орнотулду. Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважина казылып, сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн