Добуштарды сатып алуу, административдик ресурстарды пайдалануу, бир эле батирге ондогон шайлоочуларды каттатып салуу сыяктуу шайлоо мыйзамдарын бузуунун айынан ушул жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шайлоолору жокко чыгарылган болчу. Кайрадан шайлоо 11-июлга бекитилди.
Эми ушул үч шаардык кеңештин шайлоосун өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом сарпталат экен. Муну Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады. Демек, дал ушунча суммадагы каражат мамлекеттин бюджетинен кайра шайлоо өткөрүү үчүн жумшалат.
«Эмне үчүн?» деп сурагыңыз келип жатабы? Шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандар саясий партиялар болсо, алардын мыйзамсыз аракеттеринен улам шайлоо жокко чыгып жатса, анан анын чыгымын мамлекет тартышы керекпи? Добуш берүү күнү акчаны самандай сапырып, ар бир добуш үчүн 1000-2000 сомдон берип жаткан партиялар катарынан 2-3 талапкерин чыгарып коюп эле, кайра шайлоого катыша беришеби?
Мындай одоно мыйзам бузуулар кайталанбашы үчүн кайра шайлоо өткөрүүгө сарптала турган 48 миллион сомду ошол шайлоону жокко чыгарууга алып барган партиялар төлөшү керек. Добуш сатып алганды билген партиялар, мамлекет тарта турган чыгымды да көтөргөндү билиши шарт. Аларда акча жок эмес, бар. Бар болгон үчүн добуштарды сатып алып жүрүштү. 48 миллионду ошол шайлоо мыйзамдарын бузган 3-4 партияга бөлүштүрүп койсок, мамлекеттин бюджети үчүн да кыйла жеңилдик болот.
Экинчиден, ал партиялар кайра шайлоого катышпоосу маанилүү. Бул экинчи ирет шайлоонун жокко чыгышын алдын алат. Эгерде экинчи ирет дагы шайлоо жокко чыгарылса, андан кийин бир дагы шайлоону өткөрө албай калабыз. Чыга берген ойноок колдой болуп калат. Алар бул жолу да шайлоого катышса, анда кайра эле алдыга озуп чыгышары белгилүү. Мурдагыдай эле домкомдор, квартал башчылары аларга жүгүрүп иштеп берет. Добуштарды сатып алуулар да кайталанышы мүмкүн. Себеби, андайга жол бербей турган шайлоо мыйзамдарына катаал норма деле киргизилген жок. Анан кайра эле баягы партиялар алдыга озуп келсе, шайлоо таза өттү деп ким айта алат?
Үчүнчүдөн, ошол партиялардын тизмесинде алдыңкы сапта турган талапкерлеринин башка партиялардын катарына кирип кетишинен да алдын алыш зарыл. Себеби, мыйзам бузган партиялар шайлоого катыштырылбай калса, андагы акчалуу талапкерлер башка партиялардын «короосунан» бат эле орун таап алуулары мүмкүн. Мындай жагдай дагы көптөгөн нааразычылыктарды жаратат.
Эгерде ушул жагдайларды эске алуу менен кайра шайлоо өтсө, ошондо гана шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор кыйла азаят. Ошондо гана шайлоо таза өттү деп айта алабыз. Ал эми шайлоодон четтетилген партиялар жана алардын катарындагы талапкерлердин тагдыры башкаларга сабак болот. Добуш сатып алуу, административдик ресурстарды пайдалануунун арты шайлоого катышуудан четтөө менен аяктап каларын ар бири жон териси менен сезгидей болуулары керек.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)