COVID-19 инфекциясын аныктоо боюнча үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 20 миң 901 анализ алынды, анын ичинен 15 миң 117 анализдин натыйжасы чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 9-апрелде онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, байланышта болгон биринчи категориядагы адамдардан 1058 анализ алынып, экинчи категориядагы адамдардан 5210 анализ алынды.
“Обсервацияда жаткан жарандардан экспресс-тест боюнча анализ алынып, вирус аныкталган учурлар болсо аны тез арада изоляцияга алуу боюнча ыкчам иш-чаралар көрүлүп жатат”, - леп кошумчалады орун басар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн