Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

5 фракция Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан чакыртып алуу чечимин чыгарды

20.10.2022 12:37
277
5 фракция Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан чакыртып алуу чечимин чыгарды

Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кызматтан чакыртып алуу боюнча 5 фракция кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда төрага Нурланбек Шакиев билдирди.


АКИпресс агенттиги билдиргендей, Айдарбековду комитет төрагалыгынан чакыртып алуу боюнча "Ата-Журт-Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Мекенчил" жана "Элдик" фракцияларынын чечими чыккан.


Белгилей кетсек, кечээ, 19-октябрда Чыңгыз Айдарбеков кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн