Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:50
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

5 жаштагы өгөй баласын сабаган жаран кармалды

5 жаштагы өгөй баласын сабаган жаран кармалды



Азыркы мезгилде WhatsApp мессенджериндеги тайпалар аркылуу жашы жете элек баланы белгисиз бир адам сабап денесине залал келтирип жаткандыгы тууралуу видео тарап кеткен. Ошол факты боюнча ИИМ төмөндөгүлөрдү билдирет. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


    2021-жылдын 23-февраль күнү Ысык-Ата РИИБнө Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу “Энергетик” дачасынын тургуну 1996-жылы туулган К.Б. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында жарандык жолдошу 1988-жылы туулган К.Кга чара көрүүнү суранган, анткени ал 2021-жылдын 22-февралда жашы жете элек 2016-жылы туулган К.Н. деген өгөй баласын сабап денесине жаракат келтирип видеого тартып “WhatsApp” мессенджери аркылуу телефонуна жибергендигин билдирген. Бул факты Ысык-Ата районунун ИИБнүн маалымат электрондук журналында катталган.Түшкөн маалымат боюнча Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып мыйзам чегинде тергөо илктөө иш-чараларын жүргүзгөн. 


Аталган факты 2021-жылдын 23-февраль күнү Ысык-Ата районунун ИИБнун КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тергөө иштери башталган.

Жогоруда аталган факт боюнча 1988-ж.т. К.К. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Ысык-Ата РИИБнун убактылуу кармоочу жайына камалган. 2021-жылдын 24-февралда даяр болгон соттук-медициналык корутундунун негизинде жашы жетэ элек Н.Кулмырзаевдин ден соолугуна жаракат келтирилгени аныкталган. 

Аталган факт боюнча 2021-жылдын 3-март күнү тергөө аяктап Ысык-Ата райондук прокуратурасына айыптоо корутундусун бекитүүгө жана андан ары Ысык-Ата райондук сотуна жиберилген. Бүгүнкү күндө жогорудагы факты менен соттук кароо жүрүп жатат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн