Бугу 01, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

50 миң доллар уурдаган 4 жигит кармалды

04.09.2021 13:45
578
50 миң доллар уурдаган 4 жигит кармалды

Бишкекте жеке үйдөн акча уурдоого шектелген төрт жигит кармалды, деп билдирди Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

 

Август айында милиция кызматкерлерине борбордо уурулук менен алектенген эки белгисиз адам тууралуу маалымат түшкөн.

 

Тактап айтканда, 3-августка караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушундагы үйдөн 50,6 миң доллар уурдаганы тууралуу милицияга арыз түшкөн.

 

Сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси "Уурдоо" боюнча башталган.

 

Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары төрт адам кармалган - бири 18 жашта, экөө 22 жашта, дагы бири 23 жашта болгон. Алардын бардыгы борбордук ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар -жок экени текшерилип жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн