Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

50 миң сом опузалап акча талап кылган Салык кызматынын кызматкери кармалды

28.12.2021 13:24
791
50 миң сом опузалап акча талап кылган Салык кызматынын кызматкери кармалды

Ысык-Көлдө опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ак-Суу РИИБне Челпек айылынын тургуну арыз менен кайрылып, «Эрадил» аттуу белгисиз жаран, зомбулукту колдонуу коркутуусу менен андан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткандыгын маалымдап, мыйзам чегинде чара көрүүнү сураган.


Жабырлануучунун арызы райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Жазык кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


27-декабрь күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныктоо жана аны колго түшүрүү боюнча тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, ишке ашырылды. Жабырлануучунун үйүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен райондук милициянын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районуна караштуу Бурма-Суу айылынын 28 жаштагы тургуну М.Э. кармалды. Кийинчерээк, кылмышка шектүү катары кармалган жаран Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкери экендиги белгилүү болду.


Кылмышка шектелип кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн