Бишкекте лотоктон эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүдө айтылгандай, Бишкектин Асанбай кичирайонунун үйдүн жанында суу өтө турчу лотокто болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн