Аламүдүн районунда балык уулоого кеткен 51 жаштагы эркек дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, "112" кызматына Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган И.У.К. эркек киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат түшкөн. Кийин анын кийимдери суунун жээгинен табылган.
Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнен 8 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен кызматкерлер тартылып, издөө иштерижүргүзүлүп, бирок жыйынтык болгон эмес. 25-август улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн