6-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 327 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун башчысы Мадамин Каратаев билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 161;
Чүй облусу - 25;
Ош шаарында - 41;
Ош облусу - 26;
Нарын облусу - 15;
Жалал-Абад облусу - 15;
Ысык-Көл облусу - 21;
Баткен облусу - 10.
Муну менен республика боюнча жалпы 7 704 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 41 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2 843 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн