2005 -жылы туулган Хадича Болотбекова сөөгү табылган. Кыз 6 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан.
21-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын сөөгү Ысык-Ата районунун аймагында Серафимовка жана Туз айылдарынын ортосундагы суу сактагычтан табылган. Кыздын денесин туугандары тааныган.
Милиция кыздын денесинен зордук -зомбулуктун белгилерин тапкан жок. Укук коргоочулар бардык жагдайларды иликтеп жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн