Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

7-августта Олимпиадада ийгилик жараткан спортчулар үчүн иш-чара өтөт

06.08.2021 11:35
1103
7-августта Олимпиадада ийгилик жараткан спортчулар үчүн иш-чара өтөт

Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада желбиреткен биздин баатырлар мекенине 7-августта кайтып келет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.


7-августта саат 13:00до Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулат.

Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчуларыбыз, машыктыруучуларыбыз катышып, сиздер менен жүз көрүшөт.


Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт.

Ушул жылдын чыныгы каармандарын биргеликте тосуп, алардын кубанычына ортоктош болуп, жеңишти бирге майрамдайлы!


Урматтуу мекендештер, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен бет кап кийүүнү унутпаңыздар! 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн