Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

7 млн доллар, 209 млн сом, 100 миң евро. Абдуллаевден жалпы суммасы 822 млн сом акча табылган

7 млн доллар, 209 млн сом, 100 миң евро. Абдуллаевден жалпы суммасы 822 млн сом акча табылган

Журат Абдуллаевден жалпы суммасы 822 миллион сом акча сакталган жай табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.


 Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт и К» ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:

1) 7,354,475 АКШ доллары;

2) 209,164,100 сом;

3) 100,960 евро

4) 1,055,900 рубль;

5) 155 дирхам.

   

  Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.

 Маалыматтарга караганда, учурда «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын КР салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон.


 Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аббас
Мыйзамга ылайык иликтоо керек