Бугу 05, 2024
Убакыт: 01:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

70 талапкер Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилди

21.06.2021 18:17
1425
70 талапкер Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилди


70 талапкер Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилди. Бул тууралуу Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубак Ниязбеков билдирди, деп айтылат Turmush басылмасынын маалыматында.


"Биз 9 партияга тең кээ бир талапкерлердин документтери толук эместигин айтканбыз. 20-июнда да кезексиз жыйында 76 талапкердин документтери толук эмес экендиги айтылган. Бирок МККнан 6 талапкердин документи жарай турганын айтышты. 70 талапкердин документтери толук эмес. 


Мурдагы шайлоодо 14 талапкер шайлоодон четтетилген. Алар башка себеп боюнча четтетилген эле. Ошондогу 14 талапкер азыркы четтетилген 70 талапкердин катарында бар", - деди Ниязбеков.


Эске салсак, Ош шаардык кеңешине шайлоо 11-июлда өтөт. Бүгүн үгүт иштерине старт берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн