Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

700 миң адам Люксембургдагы мейманканалардын биринде акысыз бир түн өткөрө алышат

11.06.2020 13:31
956
700 миң адам Люксембургдагы мейманканалардын биринде акысыз бир түн өткөрө алышат


Люксембургдун өкмөтү туристтик тармакка колдоо көрсөтүү программасынын алкагында атайын ваучерлерди чыгарууга 3,5 миллион евро бөлдү. 50 евролук мындай ваучердин бири менен өлкөнүн каалаган аймагындагы мейманканада бир түн түнөөгө болот. Жалпысынан 700 миң даана ваучер чыгарылат.


Июль айынын башталышынан тарта ваучерлер Люкембургдун жана кошуна региондордун жашы 16дан жогору жашоочуларына акысыз таратылат жана алар жыл аягына чейин жарактуу болот деп билдирди The Mayor порталы.


Бул чара өкмөттүн Люксембургда туристтик бизнести калыбына келтирүү боюнча стратегиясынын бөлүгү болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн