8-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 345 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 183;
Чүй облусу - 51;
Ош шаарында - 22;
Ош облусу - 7;
Нарын облусу - 14;
Жалал-Абад облусу - 23;
Ысык-Көл облусу - 24;
Баткен облусу - 21.
Муну менен республика боюнча жалпы 8 486 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 67 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2 983 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн