Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

8-кабаттан боюн таштап каза болгон бала боюнча ӨКМнын түшүндүрмөсү

28.10.2021 14:56
1574
8-кабаттан боюн таштап каза болгон бала боюнча ӨКМнын түшүндүрмөсү



9-кабаттан секирген жигиттин өз жанын кыйган окуясына байланыштуу КР ӨКМнин Жарандык коргонуу Башкы башкармалыгынын башчысы - подполковник Ырыспек Жолдошбаевдин билдирүү таратты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.


“Жаран бизге куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жигит чечкиндүү өз жанын кыюуга бел байлаганын билдирген. Ал биздин кызматкерлерди жанына такыр жолотпой койду. Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн, эч кимди жанына жолотпой койгон. 


Социалдык тармактарда батуттарды орнотуп койсо болот эле дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Бул бийиктиктен, мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин бала тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес. Мындан сырткары, ар кандай ньюанстар бар. Эгерде биз ага жакындап барганда, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психологдор, анын жакындары болгон, ал атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок”- деп билдирди Ырыспек Жолдошбаев.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн