Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

8-март: Аруу, күчтүү, сулуу кыргыз айымдары (фото)

08.03.2021 13:24
1745
8-март: Аруу, күчтүү, сулуу кыргыз айымдары (фото)


Бүгүн, 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы. 1975-жылы БУУ тарабынан майрам катары жарыялангандан бери бир топ мамлекеттерде кызуу белгиленип келет. Кыргызстанда болсо бул майрамдын урматына салтанаттуу иш-чаралар өтүп, айымдардын эмгеги даңкталып, ар түрдүү сыйлыктарга, наамдарга ээ болуп, сый көрүшөт.


Кыргыз айымдары эзелтеден бышык, эмгекчил, намыскөй, сулуу, боорукер, колунан баары келген айлакер, жолдошуна акыл кошкон мыкты жар болушкан. Каныкей, Курманжан энебиз, Уркуя, Таттыбүбү, Бүбүсара эжелерибиздин үлгүлөрүн көрсөтө алган бүгүнкү күндүн да айымдары жок эмес.Кыргыз элинин намысына, эл болуп калыптанышына салым кошкон энелердин аты тарыхта эч качан өчпөсүн, дагы далай тарых жараткан энелерибиз көп болсун.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги аялдардын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, кыргыз айымдарына бекем ден соолук, кажыбас кайрат, иштерине ийгилик каалайт.Өз ишин сүйгөн, мыкты эрдиктерди жараткан, сулуу, ажарлуу айымдардын айрымдарын сунуш кылат.


Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты

- Кыргыз аялдары илгертен урмат-сыйга ээ болуп келген. Эпосторго, дастандарга көз чаптырсак же акындарыбыздын ырларын окуй турган болсок, кыздарды, энелерди даңазалап көп ырлар, чыгармалар жаралганын байкайбыз. Бул майрамдын жаккан жери – ушул күнү апаларыбызды өзгөчө куттуктап, бири бирибизге жүрөгүбүздөн чыккан каалоо тилектерди билдиребиз. Өзүбүзгө өзгөчө сый мамиле арналып турарын байкайбыз.


Жалпы аялзатына менин кааларым – дайыма сүйкүмдүү, гүлдөй сулуу болуп, дайыма балдарынын жакшылыктарын көрсүн. Ден соолуктары бекем, өмүрлөрү узун болсун. Аялзаты үй-бүлөсүнө эле эмес, коомго, мамлекетке кошкон салымы зор. Ар түрдү коомдук иштер менен алектенип, башка нерселерди өнүктүрүү боюнча да иш алып барышат. Аялдар бар үчүн аалам жашайт, аял бар үчүн ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырат. Бар болсун, бактылуу болсун бүт ааламдагы аялзат. 


Чүй ОИИБнын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Лола Абдуллаева

- Ички иштер органдарында милиция кызматкери болуп эмгектенген айымдар көп. Алардын катарын мен да толуктап келем. Кичине чагымдан форма кийип, погон тагынып, укук коргоо органдарында иштөөнү кыялданчумун. Мен аскер адамдарынын үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан бала чагымдан эле бул кызматтын оор түйшүктөрүн, жоопкерчилигин билчүмүн. Ошого карабай ата-энем менин милиция кызматкери болуумду дайыма колдоп турушчу. Ошентип мектепти бүткөндөн кийин ИИМдин алдындагы Академияга тапшырып, 2016-жылы кызыл диплом менен аяктадым. Алгачкы жумушум Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө бүлүмүндө тергөөчү болуп башталган. Андан соң Панфилов РИИБде, Биринчи май РИИБде иштеп жүрдүм, азыркы тапта Чүй ООБнын Тергөө кызматынын тергөөчү инспектору болуп эмгектенип жатам. Албетте, бул кесиптин кыйынчылыгы да, жыргалчылыгы да бар.


- 8-март чыныгы жаздын майрамы. Жаз менен кошо жылуулук, сулуулук келип, жан дүйнөдөгү жаман нерселер арылып, кубаныч келет. 

 

Айдай Зарылова, “Баластан” каналынын журналисти

- КТРК менин кыялым, сүйүүм, дарым деп коём. Себеби кичинекей кезимде ушул телеканалда иштесем деп кыялданчумун. Телевидениеде баардык иштин көзүн билген интеллектиси өтө жогору адамдар иштейт деп баалачумун. Ошентип КУУнун Журналистика факультетин аяктап, андан соң КТРКнын журналисттер мектебине кастинг аркылуу өтүп, сертификат алдым. КТРКда иштеп жатканыма 8-9 жыл болуп калды. Өзүм сүйгөн кесипте иштейм, андыктан жумуштан чарчап же тажап кетпейм. Журналист деген ой жүгүртүүсү кенен, абдан билимдүү, коомдо болуп жаткан көйгөйлөргө жакшы анализ жасай алган, эч кимден коркпогон, элдин чечилбеген маселесине кайдыгер карабаган иликтөөчү адистер... Кудай буюрса жакшы долбоорлорду элге алып чыксам деген тилегим бар. Себеби КТРКнын ашканасында кайнап, көптөгөн эл аралык тренингтерге катышып, көп жылдан бери иштеп, өзүмө тажрыйба топтодум. Адам баласы негизи өзү каалаган иш менен сөзсүз алек болуш керек экен. Ошондо гана жашоодо сен өзүңдү тапкан болосуң.


- 8-мартта өзгөчө деле салт жок. Кээде жумушта иштеп калган учурлар да болду. Негизи айымдарды бир эле майрам күнү эптеп-септеп калп эле куттуктоо эмес, ар дайым көңүл буруп, сүйүп, аярлап туруу керек. Себеби аял заты табиятынан эркектердин көңүл буруусуна муктаж болуп турат экен. Андыктан кыргызымдын ар бир айымы ыйлабай бактылуу болсо экен дейм. “Аял үйдүн куту, турмуштун туткасы” деп айтылат. Бардык айымдарды 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм!



Аида Жыргалбекова, дарыгер

- Кичинекей кезимен эле врач болом деп кыялданчумун.Туугандарыбыздын арасында медиктер жокко эсе болгондуктан, туугандарымды, жакындарымды дарылап, алардын сыймыгы болом деп максат койгом. Мектепте окуп жүргөндө кыялымды ишке ашырам деп биология сабагынан олимпиадаларга барып, даярдынып жүрдүм. 11-классты бүткөндө КММАга ЖРТнын жыйынтыгы менен өттүм. Гинеколог болом деп “Дарылоо иши” факультетине тапшырдым. 6 жыл жалпы билим алып, 2020-жылы дарыгер деген диплом алдым. Ошол эле жылы акушер-гинеколог адистиги боюнча ординатурага тапшырдым. Азыркы учурда терапевт болуп поликлиникада иштеп, ординатурада окуйм.


- Ишимдин мага жаккан жери - биринчиден, ооруп келген бейтаптарга жардам беребиз. Биздин жумушта дем алыш, майрамга карабай келген бейтаптарды кабыл алабыз. Элдин батасын алып, ар дайым өзүбүздүн билимибизди өркүндөтүүгө аракет кылабыз. Ушунча жыл мени багып, окутуп, билим берген апакемдин, үй-бүлөмдүн менин жетишкендиктеримди көрүп сыймыктангандары мен үчүн чоң бакыт. Келечекте мыкты врач болсом деген тилегим бар.


Салтанат Исабекова, жеке ишкер

- Мен чакан ишкерчилик менен алектенем. Кыргыздын башка айымдары сыяктуу эле мен дагы өз ишимде ийгилик жаратууга, жетиштүү жашоого, балдарымдын келечегине мыкты шарт түзүп берүүгө аракет кылам. Учурда соода-сатык менен алектенем. Ар бир кесип ардактуу дегендей өз кесибимдин мыкты устаты болуп, бизнес айымы болгум келет. Кыргызстанда Евро Биримдиктин алкагында эл аралык соода жүгүртүүгө мыкты шарт жаралган. Андыктан бул мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай көрөгөчтүк менен өз бизнесимди жолго коюу менен аракет жасап жатам.

- Мага майрамдардын ичинен 8-март жагат жана өзгөчө белгилегенге аракет кылам. Жыл сайын курбу кыздарым менен майрамдайм. Шаарыбыздагы жакшы ресторандардын биринде кечки тамактанууга барабыз. Ошондой эле жакындарымдын, балдарымдын белегин алып кубанычтуу өткөрөбүз. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн