Украина президенти Владимир Зеленский 28-февралда Европа Биримдигине кирүү үчүн расмий кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Украина президенти социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Маалыматка ылайык, арызда Украина Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн Украинаны биримдикке кирүүгө уруксат берүүсүн өтүнгөн.
Зеленскийдин мындай чечимин 8 Европа өлкөсү колдоп жатканын Польша басылмалары кабарлады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн