Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

8:1. Кыргызстан Мьянманы ири эсепте жеңди

11.06.2021 14:57
1258
8:1. Кыргызстан Мьянманы ири эсепте жеңди

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмүндөгү тандоо турунун алкагында Мьянманын командасы менен беттеш өткөрдү.


Япониянын Осака шаарында өткөн оюн 8:1 эсебинде “Ак шумкарлардын" утушу менен аяктады.


Алгачкы гол оюндун 22-мүнөтүндө Турсунали Рустамов тарабынан киргизилди. Ал эми 24-мүнөттө Мьянманын оюнчусу Ян Наинг Оо орой ойногондугу үчүн кызыл кагазын алып, оюн талаасын таштап кетти.


Ал эми 29-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов атаандаштарынын коргоочуларын алдап, тепкен тобу дарбазадан орун алды. Ошондой эле 34-мүнөттө Фархат Мусабеков эсепти 3:0гө өзгөрттү. Алимардон Шүкүров 45-мүнөттө, Мирлан Мурзаев 47-мүнөттө гол киргизди.


Экинчи таймдын 61-мүнөтүндө Мирлан Мурзаевдун алыстан тепкен тобу дарбазага кирди. Эки мүнөттөн кийин Абай Боколеев эсепти 7:0гө айлантты. Мьянманын жалгыз голун Хлайн Бо Бо киргизди.


Беттештин 78-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев хет-трик жасап, эсепти 8:1 кылды.


Кыргызстандык футболчулар Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу буга чейинки оюндарда алган эскертүү сары кагаздарынан улам Мьянмага каршы оюнга чыккан жок. Ошондой эле дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин жана Авазбек Откеев дагы беттешке катышкан жок. Алар коронавируска шектелип, “сары тизмеге” кирген.


Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмүндөгү тандоо турунун алкагында Монголиянын командасына 0:1 эсебинде утулуп калган.


“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 10 упайы менен экинчи орунда келе жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн