Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

9 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 9,4 млрд долларды түздү

12.10.2023 09:11
588
9 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 9,4 млрд долларды түздү


Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-август айларында 9,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималива билдириди.

Анын айтымында, бул 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 27,3 пайызга көп, ал эми экспорт жеткирүүлөр 46,7 пайызга, импорттук түшүүлөр 23,3 пайызга өстү.

"2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2,7 миллиард АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 10,1 пайызга азайды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 0,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 14,1 пайызга төмөндөдү", - деди ал.

Керималиева белгилегендей, 2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,6 пайыз) жана Казакстанга (32,1 пайыз) туура келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн