Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

9 оорукананы оңдоо үчүн 78 миллион сом бөлүндү

17.02.2021 13:45
498
9 оорукананы оңдоо үчүн 78 миллион сом бөлүндү


Кыргызстанда тогуз оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.


Ага ылайык,  Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган COVID-19 долбооруна өзгөчө кырдаалдарда чара көрүү иш-чараларынын алкагында жети оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, ошондой эле Улуттук оорукана жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбору бөлүмдөрүндө күндөлүк оңдоо иштери башталды. 

Лейлек, Кочкор, Жайыл жана Өзгөн райондорунун аймактык ооруканаларында, Токмак жана Таш-Көмүр шаарындагы ооруканаларда жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасында бөлүмдөр оңдолот. Каражат ММК фонду аркылуу саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүнгөн.

Жалпы чыгым 78 миллион сомду түзөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн