Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

9 жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектүү жаран коё берилди

24.12.2021 10:47
627
9 жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектүү жаран коё берилди

Тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган жаран кайра коё берилди. Жактоочу Мунар Сулайманов ал күбө катары суракка чакырылып, суроо-жооптон кийин үйүнө коё берилди. Бул маалыматты милиция дагы ырастап, шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганын, ошонун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын маалымдады.


Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин бүгүн, 23-декабрда билдирген.


Милиция тараткан маалыматта сурак учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жертөлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, өлүп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн