Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 01:51
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

93 млн сом зыян келтирген. Көз дарыгери Алмазбек Исманкулов кармалды

10.02.2023 21:26
2610
93 млн сом зыян келтирген. Көз дарыгери Алмазбек Исманкулов кармалды

Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов жана  Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.


Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталды.


Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.


Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("коррупция") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн