Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

98 орун болгон. Баткенде мектеп директорлугуна 60 талапкер экзаменден өттү

11.08.2022 16:54
651
98 орун болгон. Баткенде мектеп директорлугуна 60 талапкер экзаменден өттү

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай бүгүн, 11-августта Баткен облусундагы 98 мектептин директорун дайындоо үчүн сынактын экинчи туру өттү.


Ага сынактын биринчи турунан өткөн 147 талапкер катышып, 60 талапкер зарыл баллды топтой алды. Калган 38 мектептин башчысы кызматына дагы сынак өтөт.


Сынакта талапкерлер компьютер аркылуу бир жарым саатта 80 суроого жооп бериши керек. Азырынча тестирлөөнүн жүрүшүнө нараазы болуп, аппеляциялык арыз жазгандар болгон жок.


Эң көп упай алган талапкерлерди министрликтин сунушу менен райондук билим берүү бөлүмдөр директорлукка дайындайт. Жогорку балл алган эки талапкердин упайы бирдей болуп калса, алар үчүн кайрадан сынак уюштурулат.


Мектеп директору болуу үчүн талапкердин жети жылдык педагогикалык иш тажрыйбасы, педагогикалык жогорку билими болушу шарт.


Булак: "Азаттык"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн