Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) электр автобустарын сатып алуу жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 50,65 миллион долларлык каржылоо пакетин жактырды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Бул абанын сапатын жакшыртып, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтып, жол тыгындарын азайтары белгиленген.
25 миллион доллар насыя, 25 миллион доллар грант жана Жогорку деңгээлдеги технология фондунан 650 000 доллар кошумча каржылоодон турган Шаардык транспортту электрлештирүү долбоору 120 заманбап электр автобустарын сатып алууну каржылайт.
Мындан сырткары, шаардагы эски автобустар колдонуудан чыгарылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн