Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

А.Ыдырысовго Өмүрзаковдор кол салды деген маалымат жалган, - Ош ШИИБ

16.04.2021 18:27
1122
А.Ыдырысовго Өмүрзаковдор кол салды деген маалымат жалган, - Ош ШИИБ


Интернет айдыңында А.Ыдырысовго Өмүрзаковдор кол салгандыгы жөнүндө жалган маалымат таратышууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Алардын билдирүүсүнө ылайык, ушул жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарынын тургуну Венера Касымова аттуу жаран социалдык баракчалары аркылуу коомчулукка, өлкө жетекчилигине кайрылып, ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаковго жана анын бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаковго карата бир топ далилденбеген фактыларды келтирип, айрым бир мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экендигин айтып курулай жалаа жапкан.

Венера Касымова өзүнүн билдирүүсүндө, Кайназар Ыдырысов аттуу жарандын президентке кайрылуусунан кийин, Өмүрзаковдор тарабынан кысымдар көрсөтүлүп жаткандыгын айтып, мисал катары анын бир тууган агасы Адылбек Ыдырысовго кол кол салуу болгондугун белгилеп өткөн.


Буга байланыштуу Ош ШИИБ басма сөз кызматы төмөндөгүдөй билдирүү жасады:

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан кабар келип, анда ушул жылдын 20-март күнү саат 23.35те ооруканага денесинен жарат алып, 1967-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Адылбек Ыдырысов алынып келингендиги билдирилген. Аталган окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анда Адилбек Ыдырысов өзүнүн үйүнө кирип бара жатканда белгисиз адамдар кол салып, анын «Редми-5» үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкандыгы аныкталган.


Бул факт кылмыштардын жанан жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 201-белгилери (тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. А.Ыдырысовдун алган жаратынын деӊгээлин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 2021-жылдын 12-апрелиндеги экспертизанын корутундусуна ылайык, А.Ыдырысов денесинен анча оор эмес жарат алгандыгы аныкталган.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  А.Ыдырысовго кол салган шектүү жаранды табуу максатында ыкчам иштер күнү-түнү жүрүп, натыйжада анын Бишкек шаарында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Натыйжада Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары изделип жаткан 1989-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун тургуну Ш.Б. Бишкек шаарынан кармалды.


Алгачкы тергөө ишинин жүрүшүндө кылмышка шектүү Ш.Б. бир күн мурда ичип, баш жазууга акча таппай, тоноо максатында Адилбек Ыдырысовго кол салып, анын уюлдук телефонун тартып алгандыгын жана аны Ош шаарындагы «Келечек» базарында белгисиз бирөөгө 1000 сомго сатып жибергендигин айткан. Тоногон адамды мурда көрбөгөнүн жана тааныбагандыгын билдирген.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул шектүүдөн уюлдук телефонду «Келечек» базарында сатып алган жаран Н.З. дагы аныкталып, ал өз көрсөтмөсүндө аталган базарда эски телефондорду алып-сатуучу болуп иштээрин, 21-март күнү белгисиз атуулдан 1000 сомго «Редми нот 5» үлгүсүндөгү телефонду сатып алгандыгын, кийинчерээк аны башка бирөөгө 4 миӊ сомго сатып жибергенин айткан.


Учурда бул тоноо фактысы боюнча тиешелүү иликтөө иштери уланууда. Жакынкы күндөрдө бул кылмышка шектүү катары кармалган Ш.Б. Бишкек шаарынан Ош шаарына алынып келинет.


Атайылап жалган маалымат таратып коомчулукка күнөөсү жок адамдарга  көө жабууга аракет жасаган ушундай жарандардын бар экендиги өкүнүчтүү. “Ак ийилет, бирок сынбайт”. Ким кылмышка күнөөлүү болсо ал сөссүз жообун алууга тийиш. Жалган маалыматтарды тараткандарга да бир күнү жазасын тартууга туура келет. Урматтуу жарандар жалган маалымат таратуудан алыс болсонуздар!”, - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн