Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

А.Исмаилова бала бакча жана мектептердин ишин жандантуу маселесин талкуулады

27.10.2020 14:04
530
А.Исмаилова бала бакча жана мектептердин ишин жандантуу маселесин талкуулады

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


«Ар бир калктуу пункттун эпидемиологиялык абалына талдоо жүргүзүү шарт.

Бизде толук жана ишенимдүү маалымат болушу керек. Мектептер менен бала бакчалар ачылган учурда, биз эпидемиологиялык кырдаалдын ар кандай учуруна даяр болушубуз зарыл», - деди Аида Исмаилова.


Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды талдоону, ошондой эле эпидемияга каршы чараларды сактоо үчүн мектептердин жана бала бакчалардын бардык жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушун көзөмөлдөөнү тапшырды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн