Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

АКШ Кыргызстанга чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтөт

23.05.2022 13:27
830
АКШ Кыргызстанга чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтөт

2022-жылдын 23-апрелинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Белгилей кетсек, Лу Кыргызстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон турнесинин алкагында келди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибин талкуулашты.


Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Ушуга байланыштуу инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.


Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды.


«С5+1» платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди.


Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн