Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

АКШ Кытай менен мамилесин үзөбү?

19.06.2020 11:27
922
АКШ Кытай менен мамилесин үзөбү?


Америкалык президент Дональд Трамп 18-июнда Twitterдеги өзүнүн баракчасында АКШнын Кытай менен алака-мамилени токтотуу мүмкүнчүлүгү сакталып тургандыгын билдирди.


Эске салсак, эки өлкөнүн соода жүргүзүү боюнча тирешүүсү 2018-жылдын июль айында башталган. Вашингтон анда кытайлык товарлардын жалпы көлөмү жылына 34 млрд долларды түзгөн 818 түрүнө 25%дык пошлиналарды киргизген. Жооп катары Кытай ушул сыяктуу эле чараларды кабыл алган. Эки тарап булар менен эле токтоп калышпастан, кечирээк бири-бирине жаңы пошлиналарды киргизишкендиги маалым.


Ал эми үстүбүздөгү жылдын 23-майында АКШнын Соода министрлиги америкалык улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына ишмердиги каршы келет деген жүйө менен кытайлык 24 уюмду кара тизмеге кошсо, 4-июнда Дональд Трамп Кытайды коронавирус пандемиясын дүйнөгө таратты деп айыптаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн