Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

АКШ бийлиги COVID-19ту жеңгенге күн нуру жардам берет деп ишенет

27.04.2020 08:31
2364
АКШ бийлиги COVID-19ту жеңгенге күн нуру жардам берет деп ишенет


АКШ президенти Дональд Трамп жана анын администрациясы баш болуп жаңы изилдөө жүргүзүүдө, ага ылайык COVID-19 менен ооругандарды күн нуру менен дарылап айыктырууга мүмкүн.


Илим жана технологиялар боюнча министрдин орун басары Уильям Брайан күн нуру катуу тийген жерде вирустүн күчү кетет деп айтууда. Ал эми вице-президент Майк Пенс изилдөөнүн жыйынтыгы Америкага вирусту жеңгенге жардам берет деп үмүт кылууда.


Трамп эгерде күн нурун оорулуу адамдын организмине алып кирүү мүмкүн болсо, анда ал вирусту бир мүнөттө жок кылмак деген оюн билдирди.


Брайандын айтымында, күн нурунун таасири катуу болот, ошол себептүү ал жакшы тийген жерде вирус өлбөй койбойт. «Ал көбөйгөн сайын вирус жок болот», - деди министрдин орун басары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн