Бугу 07, 2024
Убакыт: 18:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

АКШ менен Кыргызстан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кызматташат

28.09.2021 10:56
442
АКШ менен Кыргызстан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кызматташат

2021-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Монтана штатынын генерал-адъютанты, АКШнын генерал-майору Джон П.Ронек менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Министрликтин маалыматына караганда, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык коопсуздукту чыңдоо маселелерин талкуулашты.


Америка тарап өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатууда Кыргыз Республикасына жардам берүүгө даяр экенин ырастады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн