Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 15:59
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирди

05.02.2025 13:31
24
АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирди


АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.


"Сокку ура турган деле эч нерсеси калган жок. Биротоло тазалоо керек. Коопсуз деп айта албайбыз, антисанитария өкүм сүрүүдө. Бул адамдар жашагысы келе турган жер эмес", — деген АКШ лидери журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.


Трамптын айтымында, палестиналыктарды Иордания жана Египет баштаган бир катар өлкөлөргө жайгаштырууга болот. Бирок элдин көчүрүлүшүн АКШ каржылабайт, Трамп муну Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жасай аларын белгилеген.


"Биз аларга чек арасы бекем, турак жайы бар жакшы жерде жашоону сунуштап жатабыз. Жакынкы Чыгышта мунун баарын курууга акча бар", — деди Трамп.


АКШ президенти Газаны дүйнө эли келип эс ала турган жайга айлантуу мүмкүн деген пикирде.


Ал АКШ Газа секторун "өз көзөмөлүнө алып" региондогу иштер үчүн жооптуу болорун кошумчалады.


"Америка Газаны өз көмөлүнө алып, жарылбай калган бомбалар менен башка курал-жаракты демонтаждоо, жерди түздөө, урандыны тазалоо сыяктуу иштерге жоопкер болот. Региондогу элге там-таш жана жумуш сунуштай ала турган экономикалык жактан өнүгүүгө бет алган аймак түзөбүз", — деди Трамп.


АКШ зарылдык жаралса Газага аскерлерин жөнөтмөкчү.


Эскерте кетсек, 19-январдан тарта Газа секторунда Израиль менен ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн элдешүү жана туткундарды алмашуу боюнча 42 күнгө созулчу келишимдин биринчи этабы ишке ашып жатат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн