Бугу 21, 2024
Убакыт: 08:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

АКШдан жооп. АКШ Луганск жана Донецк республикасына санкция киргизди

22.02.2022 09:00
769
АКШдан жооп. АКШ Луганск жана Донецк республикасына санкция киргизди

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Россия Федерациясы тарабынан эгемендүү өлкө катары таанылган Луганск жана Донецк элдик республикасына санкция киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.


Маалыматка ылайык,  Байдендин чечиминде көрсөтүлгөндөй Луганск жана Донецк элдик республикасына АКШда өндүрүлгөн бир да товар түз жана кыйыр түрдө киргизүүгө тыюу салынат. Ошондой эле Луганск жана Донецк республикасында өндүрүлгөн бир да товар түз жана кыйыр түрдө АКШнын аймагына киргизилбейт.


Мындан тышкары, АКШ жарандары аталган республикаларга инвестиция жасоого жана ишкердик жүргүзүүгө тыюу салынат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн