Бугу 10, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси ишеним грамотасын Садыр Жапаровго тапшырды

30.12.2022 13:16
691
АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси ишеним грамотасын Садыр Жапаровго тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.


Мамлекет башчысы Элчинин Ишеним грамотасын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү ишмердигине ийгиликтерди каалады.


Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.


Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШ менен өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгилеп, Лесли Вигеринин бай дипломатиялык тажрыйбасы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишеним билдирди.


Өз кезегинде Элчи Лесли Вигери эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.


Тараптар көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн