Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 02:03
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

А.Шыкмаматов: “Биз ар бир кадамыбыз үчүн акыретте жооп берерибизди унутпашыбыз керек”

02.10.2020 19:09
1047
А.Шыкмаматов: “Биз ар бир кадамыбыз үчүн акыретте жооп берерибизди унутпашыбыз керек”


“Эки жүздүүлөрдүн бет кабы  чечилип, абийири  кете баштады. Шайлоого аз калган сайын, саясаттагы тымызын оюндар күч алды”. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда, “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Жумгал районуна караштуу Кызарт айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.  


Анын айтымында, “Бир Бол” партиясынын  98 пайызын билими, эрки жана духу бар жаштар түзөт. Сот системасын, аткаруу бийлигин тазалап, күчтүү парламент түзүү үчүн жаңы муундун, эрктүү лидерлердин командасы келиши керек. Бүгүнкү күндө коом тазаланууну, жаңыланууну эңсеп, күтүп жатат. 


“Элибиз 30 жылдан бери күткөн бакубат жашоо, адилеттүү коом, таза бийликке жете албай жатат. Коом мөңкүрөп, чөгүп бара жатат. Бул туңгуюктан бир гана таза шайлоо аркылуу чыга алабыз. Ошондуктан кыргызым, өз абийириңе тете болгон добушуңду сатпа! Ар бир кадамыбыз үчүн биз акыретте жооп берээрибизди унутпашыбыз керек”, - деди Алмамбет Шыкмаматов.


“Бир Бол”, №13 – Жаратман күч!


“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2-октябрь, 2020-жыл.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн