Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Абакка баңгизат ыргытууга аракет кылган жаран кармалды

Абакка баңгизат ыргытууга аракет кылган жаран кармалды

№50 түзөтүү абагына  таңгакталган буюмду өткөрүүгө аракет кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 11-майда саат 21:20 чамасында Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан Жаза аткаруу кызматынын №50 мекемесине скотч жана зым менен оролгон таңгакты ыргытууну көздөгөн А.Р. аттуу жаран кармалган. Мыйзамсыз таңгакты ачууда жалпы салмагы 127 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.


Бул факты Ысык-Ата РИИБине каттоого алынды. Кармалган жаран жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн