Нурдин Турусбеков СИЗО-1дин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта АКИpress агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып билдирди.
Буга чейин ал Чүйдөгү Жаңы-Жер айылында жайгашкан N19 түзөтүү абагынын башчысы болуп иштеген.
19- түзөтүү абагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар ушул колонияда жаза өтөп жаткандыгы менен белгилүү.
Турусбеков Марс Жусупбековдун ордун ээледи, ал өз кезегинде 19-түзөтүү колониясын жетектөөгө жөнөтүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн