Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Абактарга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды

09.06.2022 16:08
654
Абактарга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды

Эркиндигинен ажыратылган жайларга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматынын Ыкчам режим башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарындагы эркиндигинен ажыратылган жайларга баңгизат ыргытуучу каналдарды жоюу боюнча атайын операция өткөрүшкөн.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-майында саат 01:00до караул ротасы Чүй облусунун аймагындагы эркиндигинен ажыратылган жайлардын бирине белгисиз жарандар эки баштыктагы өзгөчө жыттанган, боз-жашыл түстөгү “гашиш” баңгизатын ыргытканын байкап калышкан. 


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат 982 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты экени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышты, буга чейин бир нече жолу соттолгон, эркиндигинен ажыратылган жайларга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды “общактын” керектөөсү үчүн ташып киргизүү менен алектенген “Арс” каймана аттагы жигит жасагандыгы белгилүү болгон. Кармалган жаран Токмок шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.А. экени такталды. Ал эркинен ажыратылган жайларга “гашиш” баңгизатын ыргытып жүргөндүгүн мойнуна алды. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн